Кыргыз билим берүү академиясынын жыйындар залында кезектеги лекция-талкуу болуп өттү Печать
17.11.2017 08:53

Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА) жыйындар залында ар бир айдын үчүнчү жумасынын бейшембисинде 15:00дө педагогикадагы учурдагы заманбап маселелерге, акыркы жаңылыктарга арналган лекция-талкуу өтүп жатат. Кезектеги мындай төртүнчү лекция-талкуу 2017-жылдын 16-ноябрында болуп өттү. Анда КББАнын вице-президенти Токтомаметов Алмазбек Даткабекович «Билим берүүдөгү табигыйлуулук принциби жана нагизгини аныктоо талаптары» аттуу темада ой бөлүштү. Лекция-талкууга Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кадрлардын адистигин жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин окумуштуулары, кызматкерлери, аспиранттары жана мугалимдер катышты.

Лекция-талкууда колдонулган негизги материалдар тиркелет.

МЫКТЫ ДЕГЕН КАНДАЙ МУГАЛИМ ЖЕ АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАР ТУУРАЛУУ

ТАБИГЫЙЛУУЛУК ПРИНЦИБИ ЖАНА НЕГИЗГИНИ АНЫКТАЙ БИЛҮҮ ТАЛАБЫ

 

Лекция - талкуунун жүрүшү төмөнкү сүрөттөрдө