mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня128
mod_vvisit_counterНеделя819
mod_vvisit_counterМесяц18383
mod_vvisit_counterВсего712103

We have: 35 guests, 2 bots online
Ваш IP: 54.198.119.26
 , 
Сегодня: Май 28, 2018
Башталгыч класстардын мугалимдерине методикалык жардам PDF Печать E-mail
22.01.2018 03:57

2018-жылдын 2-январынан 7-январына чейин Ош шаарында, 8-январынан 12-январына чейин Ысык-Кѳлдѳ ЮСАИДдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун алкагында улуттук тренерлер үчүн семинар-тренинг болуп ѳттү. Тренингге жалпы республикабыздын 7 дубанынан, Ош, Бишкек шаарынан келген улуттук тренерлер катышышты. Аталган тренигге Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкерлери чебер тренер жана улуттук тренер катары катышышты, ѳз ара тажрыйба алмашышты. Тренинг башталгыч класстардын окуучуларынын окуу кѳндүмдѳрүн жогорулатууда мугалимдерге методикалык колдоо кѳрсѳтүү максатында ѳткѳрүлдү. Анда 1-4-класстардын окуучуларынын сѳз байлыгы, шар окуу, окуганын түшүнүү кѳндүмдѳрүн жогорулатууга карата окутуунун ыкмалары, практикалык кѳнүгүүлѳр үйрѳтүлүп, жыйынтыгында окуучулардын жогоруда аталган окуу кѳндүмдѳрүн баалоонун инструментарийлери менен тааныштырылды жана баалоо боюнча практикалык машыгуу болду. Жалпысынан, 400гѳ жакын улуттук тренер тренингден ѳттү.

Улуттук тренерлер алдын ала түзүлгѳн графикке ылайык республиканын райондорунун, шаарларынын башталгыч класстарынын мугалимдерине тренинг ѳтүшүп, сабактарга байкоо жүргүзүү менен аларга методикалык колдоо кѳрсѳтүшѳт.

 
Main page Contacts Search Contacts Search