mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня509
mod_vvisit_counterНеделя418
mod_vvisit_counterМесяц7583
mod_vvisit_counterВсего805718

We have: 6 guests online
Ваш IP: 54.145.83.79
 , 
Сегодня: Окт 15, 2018
Республиканын жалпы билим берүүчү мектептери үчүн предметтик стандарттарды жана окуу – методикалык комплекстерди сынактан өткөрүү боюнча 2017 – жылдын 13 - декабрынан 28 – декабрына чейин апробация боюнча өткөрүлгөн экинчи иш сапардын жүрүшүнөн маалымат PDF Печать E-mail
04.01.2018 04:25

КРнын Билим берүү жана илим министринин 2017-жылдын 07 – июлундагы №931/1 буйругунун негизинде Кыргыз билим берүү академиясынын окуу – методикалык комплекстерди экспертизалоо жана апробациялоо бөлүмү 2017 – 2018 – окуу жылында 5 – 6 класстарында (окутуу кыргыз, орус тилдеринде) сынакты (апробациядан) өткөрдү.

2017 – жылдын 13 - декабрынан 28 – декабрына чейин эксперттер Республиканын 54 пилоттук мектептеринде Караколдо, Нарында, Ошто, Кызыл – Кыяда, Өзгөндө, Жалал – Абадда, Таласта, Чүйдө, Бишкекте иш сапарда болушту. Ал жолугушууларда апробатор мугалимдер менен, эмне жумуш аткарылып жаткандыгы жөнүндө жана предмет боюнча толтурулуп жаткан күндөлүктөрдө сабактардын мазмуну, окуу китеби менен мугалимдер үчүн колдонмонун дал келүүсү, сабак өтүүдө колдонмонун мугалимдерге тийгизген таасири жана анын актуалдуулугу жөнүндө сүйлөшүүлөр болду. Эксперттер тарабынан күндөлүктөр жыйналып алынды. Анкеталар толтурулду. Ийгиликтүү иштеп жаткан апробаторлор тандалды.

Ысык – Көл областында апробация боюнча жолугушуу 2017 – жылдын 14 – декабрында Каракол шаарынын №6 жалпы билим берүүчү мектебинде өткөрүлдү. Ысык – Көл областык усулдук борбордун башчысы Ш.Шаршембиева, шаардын методисти А.Меңдибаевдер апробация боюнча уюштуруу иштерин жакшы жүргүзүшкөн. Эксперттердин мугалимдер менен иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Каракол шаарынын №6 жалпы билим берүүчү мектебинде апробация боюнча мектеп админстрациясы алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатканына күбө болдук. Мектеп жетекчиси Масимов Таалайбек Кенешович апробатор мугалимдер менен иштөө боюнча мектепте атайын жумушчу топ түзүлгөнү жөнүндө айтып берди. Жумушчу топко мектеп админстрациясынын мүчөлөрү жана усулдук бирикме жетекчилери кирээрин, алар апробатор мугалимдердин сабактарына катышып, талкуу жүргүзүшүп, сунуштарын айтып турушат. Дайыма дүйшөмбү күндөрү админстрация менен апробатор – мугалимдер жолугушуп күндөлүктүн толтурулушу боюнча, ж.б.суроолор боюнча чогулуш өткөрүп турушат. Педагогикалык кеңештин чечими менен апробатор – мугалимдерге стимфонддон акчалай сыйлык берилип турат,- деди мектеп жетекчиси.

Нарын шаарындагы №8 жалпы билим берүүчү мектебинде апробатор мугалимдер менен жолугуштук.

Кызыл – Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн усулкана башчысы И.А. Парпиеванын апробатор - мугалимдер менен тыгыз байланышта иш алып барып жаткандыгын көрдүк. Кызыл – Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү №1, №2, №4, №6, №7, №9 мектептеринде 5 – 6 класстардын окуу – методикалык комплекстерин сынактан өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлгөн:

  1. Предметтик окуу – методикалык комплекстерди мектептерге өз убагында таратуу;
  2. Күндөлүктөрдү толтуруу боюнча усулдук жардам көрсөтүү;
  3. Апробаторлорго кеңеш берүү;
  4. Мамлекеттик стандарттын, окуу программасынын жана окуу – методикалык комплекстеринин өз ара тыгыз байланышын семинар – практикумда талкууланып жана иш жүзүнө ашырууга багыт көрсөтүлгөн.

Жалал – Абад шаарындагы пилоттук мектептерде 5 – 6 класстарынын предметтик окуу китептерине жана 3- 4 класстардын чет тилдери боюнча апробация жүргүзүп жаткан апробатор мугалимдер боюнча Жалал – Абад шаарынын пилоттук мектептерди апробациялоо иштерин көзөмөлдөөчү Ж. Ашырматова маалымат берди.

Эксперттер менен апробатор – мугалимдердин жолугушуусу Ош шаарынын “Жетиген” мектеп – лицейинде болду. Бул мектепте иштеп жаткан апробатор – мугалимдер менен күндөлүктөрдү толтуруу боюнча эки жумада бир УК тарабынан кеңештер берилип тураары айтылды.

Өзгөн шаарынын №3 М. Нурбаев атындагы орто мектебиндеги өткөн апробацияны А.А.Арыкбаев жана Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу – усулдук кабинетинин башчысы А.К. Ташматова жетектеп алып жүрдү. №3 мектепте апробация боюнча жүргүзүлгөн иш – аракеттер менен мектептин директору Т.А. Раимкулов жана окуу бөлүмүнүн башчысы Б.М. Акматалиевдер тааныштырып кетишти. Алар усулдук бирикменин чогулушунда жана сабактарга катышуу менен китептин жакшы жана начар жактары боюнча талдоо жүргүзүп турушат. Ар бир жума сайын апробатор – мугалимдер менен китеп боюнча жана күндөлүктөрдүн толтурулушу боюнча чогулуш өткөрүшөт. Жаш апробатор мугалимдерге күндөлүктөрдү толтуруу боюнча тажрыйбалуу апробатор мугалимдерди бекитишкен.

Талас шаарындагы №3 мектеп – гимназиясында апробация боюнча чогулуш болду. Бул мектептеги апробациянын жүрүшү боюнча мектептин окуу бөлүм башчысы А.Т. Бейшебекова маалымат берди.

Мектептеги апробатор мугалимдерге күндөлүктөрдү толтуруу боюнча кенеш берилип жана сабактарга катышып сунуштар айтылып турат,- деди. Ата – энелер тарабынан математика предметин окутуу боюнча арыздар болгон. Тапшырмалар оор жана түшүнүксүз берилгендиги, музыка предмети боюнча орус тилиндеги окуу китебинде терминдер кыргыз тилинде берилип калгандыгы, информатика предметинин татаал жазылгандыгы айтылган. Орус класстардын география китебинде орус тилине которулбай калган кыргызча тексттердин кездешкендигин жана ашыкча сүрөттөрдүн бар экендигин белгилешкен.

Чүй областы менен, Бишкек шаарынын апробаторлору менен жолугушуу Сокулук районунун “Орок” орто мектебинде өткөрүлдү.

Апробациянын жүрүшүнө кош көнүл караган жетекчилер дагы кездешти. М: Ош, Талас, Бишкек шаарлары;

Сынакты жүргүзүү биринчиден, окуу – методикалык комплекстин(ОМК) алгылыктуулугун, практика жүзүндө ишке ашырылуу деңгээлин, пайдалуулугун, маанилүүлүгүн, ОМКдагы каталарды, кемчиликтерди оңдоп – түзөөгө мүмкүнчүлүгүн аныктоого жардам бергендиги менен пайдалуу экендигин көрсөттү. Сынакты жүргүзүү учурунда ийгиликтер, кемчиликтер, сунуштар айтылды. Алар эксперттердин отчетунда кеңири көрсөтүлөт.

 

Даярдаган: КББАнын,
окуу – методикалык комплекстерди экспертизалоо
жана апробациялоо бөлүмүнүн
башчысы Таласбаева А.Ж.

 
Main page Contacts Search Contacts Search