mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня450
mod_vvisit_counterНеделя461
mod_vvisit_counterМесяц17871
mod_vvisit_counterВсего938097

We have: 10 guests online
Ваш IP: 54.243.17.113
 , 
Сегодня: Мар 24, 2019
Жаш окумуштуулар кеңеши «Илим, техника жана өндүрүш жумалыгын» өткөрдү PDF Печать E-mail
12.02.2016 12:15

КР Президенти А.Атамбаевдин жарлыгы менен 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланып, ага утурлай КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2016-жылдын 15-январындагы №36/1 буйругу менен республикалык Илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрүү белгиленген. Ага ылайык 10-февраль күнү Кыргыз билим берүү академиясынын ишмердүүлүгү менен тааныштыруу жана мугалимдер менен окуучуларды окумуштуулар менен жолугуштуруу максатында иш-чара өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага КББАнын окумуштуулары, окутуучулары, окуу китептеринин авторлору, КББАнын аспиранттары, изденүүчүлөрү жана №5 Улуттук компьютердик гимназиянын, №58 орто мектептин, №68 ОТКГ мектебинин, А. Сыдыков атн. № 72 гимназия мектебинин, Аламүдүн районунун Кара жыгач орто мектебинин, Герман-Гмайнер мектебинин мугалимдери жана окуучулары келип катышышты.

Аталган иш чараны КББАнын Жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы, Технология жана искусство лабораториясынын башчысы, п.и.к. А.Ибирайым кызы алып барып, куттуктоо үчүн сөз КББАнын Вице-президенти, проф. С.О.Байгазиевге, КББАнын Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясынын башчысы, п.и.д., проф., Маданиятка эмгек сиңирген ишмер С.К.Рысбаевге, КББАнын Педагогика жана профессионалдык билим берүү лабораториясынын башчысы, п.и.д., проф. К.Д.Добаевге берилди. Алар өз сөзүндө бардык катышуучуларга каалоо-тилектерин айтышып, окуучуларды келечекте илим изилдөөгө чакырышып, Кыргызстандын өнүгүшү жана улуу көчтү улап кетүү жаш муундардын колунда экендиктерин баса белгилешти. Ошондой эле алар окуучуларды эне тилди сыйлоого, мекенчил болууга, адептүү болууга үндөшүп, окуучулардын окууларына ийгиликтерди каалашты.

Андан соң С.О.Байгазиевдин “Байыркы Орхон-Енисай жазуулары жана жаштардын ата-мурастарды изилдөө зарылчылыктары” аттуу баяндуу доклады окулду. Бул доклад бардык катышуучуларга абдан таасирдүү болду. Докладдан соң мектеп окуучулары С.О.Байгазиевге суроолорун беришти. Мугалимдер ойлорун айтышып, таасирдүү пикирлерди жараткандыктарын белгилешти.

Бул иш-чаранын кызыктуу өтүшүнүн дагы бир жагдайы болуп, Кыргызстандык окуучулардын 2011-жылдан бери Түрк дүйнөсүн таанытуучу, тарыхый изилдөөлөргө көңүл буруучу курултайларга барып катышып келе жатышкан окуучулардын илимий эмгектерин баардыгына жеткиликтүү, таасын айтып берип, окуучуларды изилдөө ишине тартып келе жаткан КББАнын ага илимий кызматкери А.Б.Элебесованын баяндамасы болду.

Баяндамадан соң мугалимдер, катышуучулар А.Б.Элебесовага ыраазычылыктарын билдиришип, беш жылдан бери бүтүндөй бир мекеме алектене турган мындай олуттуу ишти өздүк демилге менен алып барып жатканын баса көрсөтүштү. Ошондой эле А.Б.Элебесованын бир канча мектеп мугалимдерин, окуучуларын бизде, Бишкекте, Ысык-Көлдө, Таласта, жана чет жакта, Алматыда, Түркстанда, Түркияда өткөрүлгөн иш чараларга жетектеп алып барып, алардын изилдөө иштери боюнча байгелүү орундарды алып келип жүргөндүктөрүн белгилешти.

Андан соң Жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы, п.и.к. Ибирайым кызы Айжан иш-чарага катышып жаткан жалпы катышуучуларга Кыргыз билим берүү академиясынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Алар – КББАнын структурасы (борборлору, лабораториялары, кафедралары, бөлүмдөрү), эмгектенип жаткан окумуштуулары, алардын эмгектери, академиянын илимий журналы, сайты ж.б. туурасында болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар өздөрүнүн КББАнын окумуштууларына болгон кызыккан суроолоруна окумуштуулардын ынтаа коюу менен берген жоопторун ала алышты.

Жыйынтыгында, №5 УКГ, №72 МГ, №58 о.м. келген окуучулар Манастан үзүндү айтышып, күү чертишип, чопо-чоордо ойношуп, доклад окушуп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Акырында, мындай иш чара окуучуларга өтө таасирдүү болоорун айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

КББАнын «Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы» мугалимдерге, окуучуларга КББАнын лабораторияларын, бөлүмдөрүн, илимий китепканасын кыдыртып көрүү, жакындан тааныштыруу, окуучуларга иштиктүү маанайды тартуулоо менен да өз максатына жетти.

 
Main page Contacts Search Contacts Search