mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня467
mod_vvisit_counterНеделя705
mod_vvisit_counterМесяц13927
mod_vvisit_counterВсего913727

We have: 22 guests, 4 bots online
Ваш IP: 34.229.194.198
 , 
Сегодня: Фев 19, 2019
Илим жана жаштар же Жаш окумуштуулар кеңеши кандай собол таштайт? PDF Печать E-mail
23.11.2015 06:49

(10-ноябрь - Илим жана Жаштар күнүнө карата)

Кыргызстанда илим-изилдөөгө, анын ичинен педагогиканын өнүгүшүнө өздөрүнүн зор салымдарын кошуп келе жаткан академиктерибиздин, көрүнүктүү окумуштууларыбыздын жолун жолдогон жаштардын мууну өсүп келе жатат.

Жаш илим изилдөөчүлөрдүн ар тараптуу ийгиликтерди жаратып жатышына Жаш окумуштуулар кеңешинин да жардамы чоң. Кыргыз билим берүү академиясынын Жаш окумуштуулар кеңеши жаштардын чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө, аларды ишке ашырууга көмөктөшүү максатын койгон жана аталган кеңеш илим-изилдөөгө жаңыдан аралашып жаткан (35 жашка чейинки) илим-изилдөөчүлөрдүн, илимий кызматкерлердин, аспиранттардын, мугалимдердин тобунан түзүлгөн коомдук уюм.

КББАнын Жаш окумуштуулар кеңешинин түзүлүүсүнүн негизги максаты – жаш окумуштуулардын чыгармачылык ишмердүүлүктөрүн өнүктүрүүгө, аларды ишке ашырууга көмөктөшүү болуп эсептелет. Мындай максаттардан улам Жаш окумуштуулар кеңеши бир нече ишмердүүлүк багыттары боюнча иш алып барган коомдук уюм. Андай иш чаралар болуп: семинарларды, конференцияларды, тегерек үстөлдөрдү, илимий мектептерди, талкууларды ж.б. билим берүүдөгү жана илим изилдөөдөгү актуалдуу проблемалар боюнча өткөрүү эсептелет. Андан сырткары илимий эмгектер боюнча конкурстарды өткөрүүгө, долбоорлорду түзүүгө, жогорку окуу жайлар менен байланышууга, илимий эмгектерди басып чыгарууга көмөктөшүүгө, илим-изилдөө ишине көрсөтмөлөрдү, кеңештерди берүүгө ж.б. жардам берет.

Баса белгилей кетүүчү нерсе, аталган кеңеш Аспирантура бөлүмү менен тыгыз иш алып барат. Себеби, Аспирантура бөлүмү Жаш окумуштуулар кеңешине Кыргызстандын бардык областтарынын жогорку окуу жайларынан жана жалпы билим берүүчү мектептеринен келген жаш илимпоздор менен жолугушууга, алар менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзүп турат.

Жогорудагы аталган ишмердүүлүк багыттарын иш жүзүнө ашыруу боюнча 2015-жылга Жаш окумуштуулар кеңешинин иш планы бекитилип, аларды иш жүзүнө ашыруу пландалган.

Жаш окумуштуулар кеңешинин 2015-жылга иш планы 3 багытты камтыган.

Илим-изилдөө иштер боюнча алып карай турган болсок жаш илимий кызматкерлердин, аспиранттардын, изденүүчүлөрдүн илимий иштеринин темасын тандоо, реферат, план проспект, отчет жазуу сыяктуу иштер боюнча кайрылгандарга көмөк көрсөтүлүп жатат. КББАнын НИР тарабынан бекитилген темалар боюнча лабораториялардын илимий иштерин чоогуу изилдеп, ошол эле учурда аспирант, изденүүчү катары өздөрүнүн илимий иштерин да, кафедраларда окутуучу да болуп иштеп жаткан жаш кызматкерлер бар. Алар белгилүү бир жалпы билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүүчү апробацияларга, эксперименттерге чоогуу катышып келишет. 2015-жылдын февраль айынан баштап, КББАнын жаштары предметтик билим берүү стандарттарын түзүүгө активдүү катышышты (Мисалы, Алмурзаева С., Сураганова З., Козубаева Б.У., Ибирайым кызы А.)

Аспиранттардын, изденүүчүлөрдүн өздөрүнүн илимий темалары боюнча жарык көргөн илимий эмгектери жарык көрүп турат. Анын ичинен «КББА кабарларына» макалаларды даярдап берүүлөрү көзөмөлгө алынат. Жаштар Эл аралык жана республикалык деңгээлдеги илимий-практикалык конференцияларга катышышып, өздөрүнүн изилдөө проблемалары боюнча илимий-методикалык билдирүүлөрдү жасап жатышат. Эми уюштуруу-методикалык иштери тууралуу айта турган болсок, жаштар кыргызстандын жалпы орто билим берүү мектептери, жогорку окуу жайлары менен окуу-методикалык жактан кызматташып, жалпы билим берүүчү мектептер менен да байланышып турушат. Эл аралык уюмдар, долбоордук иштер менен да жаштардын алакасы түзүлгөн. Ар түрдүү семинарларга, конференцияларга, тегерек үстөлдөргө, талкууларга катышышып, ой пикирлерин билдирип келишет.

Ал эми жаш окумуштуулар кеңеши өткөргөн жана башка иш чаралар жөнүндө төмөнкүлөрдү айтууга болот. Негизинен жаш окумуштуулар ар түрдүү тегерек столдорго, отурумдарга, тренингдерге, семинарларга, конференцияларга, жолугушууларга, практикалык тажрыйба алмашууларга ж.у.с. көптөгөн иш чараларга катышып келишет.

Эми, төмөндөгү багыттар боюнча анализ жүргүзүлдү.

А) Жаштардын илим изилдөөдөгү жаш өзгөчөлүктөрү жөнүндө

Мисалга, 2002-2015-жылдар аралыгында педагогика тармагы боюнча коргогон илимпоздордун орточо жаш өзгөчөлүктөрүн алып карасак, акыркы жылдарда улам 29 жашка чейинки илимдин кандидатынын жана 39 жашка чейинки илимдин докторунун санынын улам төмөндөп отурганын байкоого болот.

Эми эмне үчүн 29 жана 39 жаш? Себеби, аспирантура бөлүмүнө тапшыруу үчүн жогорку окуу жайын бүткөн бүтүрүүчүнүн кеминде эки жылдык педагогикалык тажрыйбасынын болушу талап кылынат. Ушул мөөнөттөр эске алынуу менен (күндүзгү бөлүм 3 жыл, сырттан окуу бөлүмү 3,5 жыл) өз убагында корголгон иш деп эсептесек, ал эми илимдин кандидатына ЖАКтын талабы боюнча кеминде 5 жылдан кийин докторлук ишти жактоого уруксат берилет. Ошол себептүү докторлук иш үчүн 10 жыл оптималдуу убакыт болуп эсептелет, бул албетте менин жеке пикирим.

29 жашка чейинки кандидаттардын саны (1-сүрөт)

Мында көрүнүп тургандай, 2008-жылы 29 жашка чейин жактаган кандидаттардын саны 11 болгон болсо, 2015-жылы алардын саны 1өө гана болгон.

39 жашка чейинки илимдин докторлорунун саны

Ал эми 39 жашка чейин коргогон илимдин докторлорунун пайыздык көрсөткүчү 2007-жылы 25,6% болсо, 2013-жылдан бери 39 жашка чейин докторлук диссертация жакталган эмес (2-сүрөт).

Албетте, жогорудагы көрсөткүчтөр жаштардын илим изилдөөнүн улануусунун үзгүлтүккө учуратып жаткандыгынан кабар берет жана бул маселе ойлондурбай койбойт.

Б) КББАнын илим жактаган кызматкерлери жөнүндө

КББАнын кызматкерлеринен 2008-жылдан бери 4 илимдин доктору, 14 илимдин кандидаты деген илимий даражага ээ болушту. Алардын 3өө жаштар.

В) Жаштардын эмгектеринин жарыяланышы боюнча

КББАнын бардык лабораторияларындагы, кафедраларындагы жаштардын эмгектеринин жарыяланышы төмөндөгүдөй көрсөткүчтөрдү көрсөттү (3-сүрөт).

Жогоруда көрүнгөндөй, жаштардын эмгектерди жарыялоосу жылдан-жылга көбөйгөнү байкалган.

Г) Алынган анкетанын жыйынтыгы жөнүндө

Анкета жалпы эле аспиранттарга, изденүүчүлөргө, кызматкерлерге, жалпы эле илимий чөйрөнүн адамдарына арналып түзүлгөн. Максаты – илимдин учурдагы мааниси жөнүндө илимий кызматкерлердин пикирлерин билүү болчу.

Анкета 12 суроону камтыды. Алардын ичинде ачык суроолор да коюлду. Анкета жалпы 71 катышуучудан алынды.

  1. Алардын 23ү агайлар болсо, 48и эжелер болду.
  2. Анкета илимий чөйрөгө аралашканына алды 40 жыл, арты 1 жылдан ашкан катышуучулардан алынды.
  3. Илимий ишмердүүлүк менен алектенип тапкан айлык маянага 94% катышуучу канааттанбай тургандыгын белгилешсе, 4% “эптеп-септеп” жеткирем, 2%ы “кошумча бизнесим болгондуктан анча билинбейт”, деп жооп беришкен.
  4. Реалдуу деп эсептелген айлык акынын көлөмүн катышуучулардын 96%ы 25-30миң сом деп эсептешет. Анткени, 1-ден стимул болмок, 2-ден эмгек бааланыш керек, 3-дөн бажысоюзга кирген соң турмуш шартка жеткириш керек, деп эсептешет.
  5. Катышуучулардын 98%ы илимий чөйрөгө аралашып калганына өкүнбөстүгүн айтышкан;
  6. Бирок башка кесипти тандоого мүмкүн болсо, Сиз кайсыл кесипти тандамак элеңиз суроосуна 18 катышуучу “юрист” жана “медицина” деп белгилешсе, айрымдары “мугалим”, “бизнес” менен алек болмокпуз дешет;
  7. Коом илимге муктаж деп ойлойсузбу? Суроосуна 100% муктаж экендигин айтышат;
  8. Ал эми 5 жылдан кийинки илим-изилдөөнү катышуучулардын көпчүлүгү практика менен тыгыз байланышкан, улуттук изилдөө системасы болгон, мамлекет тарабынан колдоого алынган, дүйнөлүк талаптарга жооп берген илим-изилдөөнүн болушун элестетишсе, 6 катышуучу “мен каалагандай болушуна баары бир көзүм жетпейт” деп жазышкан.
  9. Чет өлкөлөргө стажировкаларга чыгууну каалайсызбы? Кайсыл өлкөгө? Эмне үчүн? – суроосуна Германия, Швейцария, Франция, Казахстанды көрсөтүшүп, кээ бири тажрыйба алмашуу, дүйнөлүк практиканы үйрөнүү үчүн дешсе, айрымдары эс алуу үчүн, деп жооп беришкен.
  10. Учурдагы ойлондура турган маселеге ар түрдүү жооптор алынды. Мисалы, илимий иштердин практикага жетпей жатышы, билим берүүнүн сапаты, педагогиканы көтөрүүгө патриот бизнесмендердин жоктугу, илимдин артта калып жаткандыгы, жаштардын китеп окубай калгандыгы, кээ бири акча каражаттын жетишсиздиги, ж.б. жооптор болду.
  11. Илимпоз катары Сиздин күчтүү жагыңыз кайсыл – суроосуна 71 катышуучунун 2өө өзүмдү-өзүм мактай албайм деген, 10у айта албайм дешкен, 25и жооп берген эмес, бирок арасында мындай жооптор болду: изилдөөнүн практикалык баалуулугун дайыма эске алгандыгым, көп жылдык педагогикалык тажрыйбам, мазмундук, методикалык жактан мыкты даярдыгым, эмгекчилдигим, учурдагы жаңычылдыктарды тажрыйбама колдоно алгандыгым менин илимпоз катары күчтүү жагым деген жооптор келип түштү.
  12. Сиздин муктаждыгыңыз суроосуна мамлекет тарабынан колдоонун жоктугу, илимге болгон мамиле, илимий кызматкер болгондуктан тынч отуруп иштегим келет, жаңыны жаратуу үчүн убакытка муктажмын, руханий байлык керек жана мен көп нерсеге муктажмын бирок айткым келбейт деп 6 респондент, макалаларды сырттан чыгарууга деп 4ү жазган, 3 катышуучу акчага муктажмын дешкен.
  13. Мыкты илимпоз болуш үчүн жаштар эмне кылыш керектиги боюнча сунушка жаштардын көп окуулары, көп изденүүлөрү, системалуу иш чараларды уюштуруулары, өзүнүн предметин, багытын так билүүлөрү, изилдөөнү практика менен айкалыштыра алуу, улууларды сыйлоо, адептүү болуу ж.б.у.с. сунуштар айтылды.

Демек, анкетаны анализдөө менен бир топ нерселерге көңүл буруу зарыл экендиги маалым болду: илимге болгон мамилени көтөрүү; илим менен практиканы айкалыштыруу; жаштардын көп окуулары, изденүүлөрү, аракеттенүүлөрү; илимий иштердин өз убагында корголушу; рынок шартында айлык-маянаны көтөрүүгө көңүл бурулушу ж.у.с. маселелер.

Жыйынтыгында, Кыргыз билим берүү академиясынын Жаш окумуштуулар кеңешинин алдыдагы жасай турган иштери арбын экендигин: 1) педагогикалык илим-изилдөөнү жакшыртуу үчүн улуу муундардан кеңеш алуу, педагогиканын актуалдуу проблемаларын изилдөө, туура багытты тандап алуу; 2) жаштарга гранттарды жазууга, долбоорлор менен байланышууга колдоолорду көрсөтүү; 3) аймактардагы Жаш окумуштуулар кеңеши менен тажрыйба алмашуу (стажировкаларды уюштурууга ж.б.); 4) ишмердүүлүк чөйрөсүн кеңейтүү (семинарларга, конференцияларга, тегерек үстөлдөргө башка ЖОЖдордун жаштарын тартып турууга, педагогикалык изилдөөгө кызыкдар кылууга) ж.б.у.с. иштерди аткара бермекчи.

Белгилеп айта турган нерсе, илим – изденүүчүдөн өзгөчө ишмердик сапаттарын талап кылган татаал процесс, ошондуктан илим-изилдөө ишине каалаган эле адис тартыла бербейт. Ал эми ошол илим-изилдөөгө жаңыдан гана аралашып, бардык кыйынчылыктарды өзүнүн ишмердүүлүгү аркылуу иш жүзүнө ашырууга далалат кылган жаш илимпоздорго айрым бир маселелерди оңунан чечип берүү эч ашыкча болбос эле. Жаштар – булар өнүгүүгө гана умтулган, энергияга бай, позитивдүү ой жүгүртө билген, жаңы жетишкендиктерди ийкемдүү кабыл ала алган, социалдык, интеллектуалдык жана чыгармачылык чөйрөлөргө ишти ишеним менен алып кете алган коомдун бир бөлүгү. Ал эми жаш илим-изилдөөчүлөр – булар өлкөнүн келечегин көрө билген, улуттук коопсуздуктун алдын-ала алган, ар тараптуу жетишкендиктер менен дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыздай алган коомдун интеллектуалдуу бөлүгү.

Элибиз бекеринен «70 жылда жер жаңы 50 жылда эл жаңы» деп айтышпаса керек. Азыркы улуу педагог-окумуштууларыбыздын, академиктерибиздин, чыгаан илимпоздорубуздун жолун улап, алардын атын өчүрбөй шакирти катары ишин улантып алып кетүүчү 50 жылдан кийинки академиктер, профессорлор же жөн гана устаттар булар – БҮГҮНКҮ ЖАШТАР.

Жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы, п.и.к. Ибирайым кызы Айжан

 
Main page Contacts Search Contacts Search