mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня462
mod_vvisit_counterНеделя461
mod_vvisit_counterМесяц17883
mod_vvisit_counterВсего938109

We have: 15 guests online
Ваш IP: 54.243.17.113
 , 
Сегодня: Мар 24, 2019
МАТЕМАТИКА КУРСУ БОЮНЧА СТУДЕНТТЕРДИН ӨЗ АЛДЫНЧА PDF Печать E-mail
30.10.2015 10:00

КУУнун ага окутуучусу Сыдыкова М.Б.

Кыргыз билим берүү академиясы, п.и.к Ибирайым кызы А.

Аннотация

Макалада студенттердин математика курсу боюнча өз алдынча иштөө жана алган билимин практикада колдоно алуусуна жана жетишүүсүнө анализ жасалган.

Аннотация

В статье анализировано практическая значимость и успеваемость студентов самостоятельной работы по курсу математика.

Annotation

The article consider the practical importance and progress of students' independent work on mathematics courses.

Ушул мезгилге чейин билим берүү системасы, убакыт койгон жаңы милдеттерди чечүүдө күчсүз болгон, окутуунун салттык, калыптанып калган усулдарын колдонуп келүүдө. Ал өзгөрүүлөргө абдан акырын ийкемделип, азыркы мезгилдин өнүгүшүнүн өзгөчөлүктөрүнө карама каршы келип жатат. Билим берүү системасы өзүнө туура келген окутуунун системасын түзүү менен, өзүнүн функциясын көп жыл бою аткарып келди. Аныктап айтканда, математика курсунун мазмунун жана курстун түзүлүшүн, окутуу методикасын, салттык формада колдонулушун айтууга болот [1].

Учурда математика курсун математик эмес багыттагы адистиктеги студенттерге окутуу, окутуучулар үчүн кыйынчылыктарды туудурат. Анын себебин, бул багыттагы студенттердин көпчүлүк бөлүгүнүн математикага болгон терс мамилеси; окутуу процессинде математикадан жетишпегендиги же окутуунун кайсы бир этабын түшүнбөй калышы; математикалык техниканы колдонуу толук бойдон мүмкүн эмес экендиги; болочок кесибине колдонуучу жөнөкөй жана ишенимдүү математикалык мисалдардын жоктугу менен түшүндүрүүгө болот. Студенттер мектеп курсунун математикасы боюнча базалык даярдыгынын начардыгынын негизинде математика курсун окуп жатып көп кыйынчылыктарга жолугушат. Көпчүлүгүнүн өз алдынча иштерди аткарууда практикалык көндүмдөрү жок, бул предметти өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдасыз деп эсептешет. Математика курсун окуп үйрөнүүдө студенттер биринчиден, заманбап математиканын түзүлүшүн, математиканын башка илимдер менен байланышын жана математикалык аппараттардын практикалык колдонуштарын көрүүсү керек. Тилекке каршы, алар бул жагына маани беришпейт жана көпчүлүгү математиканын мүмкүн болгон аймактарда колдонуштарын эстеп да коюшпайт. Ошентип, математиканы окутууда формалдуулук жана абстракттык мамиле өкүм сүрүп келет. Мына ошондуктан заманбап техникада, илимдердин ачылышында жана практикалык ишмердүүлүктөрдө толтура проблемалар кездешет. Ошондуктан, азыркы математика курсун окутуунун абалын жаңылоонун зарылдыгы келип чыгат [3].

Болондук процесс, компетенттик мамиле, билим берүүнү фундаменталдаштыруу, глобалдык маалымат (информация) — бул проблемалардын бардыгы бир татаал түйүнгө кошулушту. Аны билгичтик менен чечүү учур талабындагы заманбап жогорку мектептердин милдети. Окутууда эмнени өзгөртүүгө туура келет, эмнени сактап калуу керек? Окутуунун инновациялык жана традициялык мамилелерин бириктирүү менен канткенде аны компетенттүү жана жогорку сапаттагы билим берүүчү кыла алабыз? Бул суроого жооп берүү менен жогорку билим берүүнүн негизги дидактикалык проблемаларын чечүүгө болот.

Азыркы күндө жогорку окуу жайлардын алдында билимдүү, ой жүгүртө алган, өз алдынча жана стандарттуу эмес ой жүгүртүүчү, командада жана команда менен иштей алган, жаңы инновациялык маданиятка ээ адистерди даярдоо маселеси турат. Бул болсо студенттерден чечимдерди кабыл алууда, маселелерди чечүүдө өз алдынчалуулукту, оперативдүүлүктү жана маселелерди чечүүдө стандарттуулуктан алыс болууну талап кылат Ошондуктан адистер кандай гана болбосун, математикалык билимдердин негиздери менен өзүнүн адистигине ылайык зарыл жана жетишерлик өлчөмдө тааныш болууга тийиш. Математика курсу мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык милдеттүү предмет катары окутулат. Ар бир окуу жайында бул предметттерди тейлей турган атайын «Математика жана информатика» кафедралары иштеп, ал кафедраларда тиешелүү адистер менен мүмкүнчүлүккө жараша жабдылып келет. Бирок, ошону менен бирге бул кафедралардагы математика курсун окутуучулары үчүн Кимдерди?, Эмнеге?, Канча? жана Кантип окутуу керек? деген дидактиканын түбөлүктүү жана ар бир жаңы жагдайга карата актуалдуу болуп кала берген маселелери жаралып олтурат. Ошондуктан, бул математика курсунун жаңы угуучулары үчүн курсту кандай мазмунда, канча өлчөмдө жана кантип окутуу керек? - деген дидактиканын мыйзамдуу маселелери жаңы түзүлгөн кафедралардын ар бир математик – окутуучуларынын астында окутуу - методикалык жагдайда сөзсүз проблеманы жаратпай койбойт [2].

Билим алууда студенттердин кызыгуусун өркүндөтүү проблемасынын чечилиши үчүн окутуунун бир катар мыйзам ченемдүүлүктөрү иштейт. Алардын предметке кызыгуусу, билим деңгээли, акыл ишмердүүлүгү окутуунун дидактикасынын негизги талаптарынын бири экендиги белгилүү [1].

Мектепте окуу процессин уюштуруунун маанилүү өзгөчөлүгү, окуучунун кызыккан предметине, же аны кийинки баскычта улантып өздөштүрүүсүнө карабай, бардык предмет боюнча милдеттүү билим берүү болуп саналат. Бул денгээл окуучунун орто мектепти бүткөндөн кийинки даярдыгынын минимуму. Кыргыз Республикасынын билим берүү министирлиги тарабынан ар бир бүтүрүүчү билүүгө тийиш болгон толук орто билимдин мазмунунун милдеттүү минимуму бекитилген, анын ичинде математика боюнча тиешелүү минимум кабыл алынган.

Милдеттүү талаптардын деңгээли математикалык даярдыктын төмөнкү чегин аныктайт. Окуу процессинде билим алуучулардын милдеттүү даярдыктын деңгээлине жетүүсүнө болгон ориентация – билим берүүдөгү милдеттерди аныктоочу негизги каражат. Студенттерге математикалык билим берүү менен алардын коомдо ордун табууга зарыл болгон математика илимине мүнөздүү шыгын, ой-жүгүртүүсүн калыптандырып, интеллектуалдык жактан өсүүсүнө чоң салым кошот [3].

Азыркы профессионалдык мектептин бирден-бир маанилүү маселелеринин бири болуп келечектеги адистерде адистик компетенцияларды калыптандыруу. Коом адисти даярдоо деңгээлине бийик талаптарды коёт, анын ичинен өз алдынча чечим кабыл алуусу, коюлган талапка жараша маалыматтын көлөмүн тандоо жана ал менен иштөө билгичтиктерине ж.б. Өз алдынчалык каалагандай адистик ишмердүүлүктө пайдалануучу универсалдуу компетенция. Көптөгөн жылдар бою адистик окутуунун сапатын көтөрүү көйгөйү педагогикалык илимдин жана практиканын көңүлүнүн борборунда. Өзүнүн актуалдуулугун ал азыр да жоготкон жок. Билим берүү стандартында ар бир адис фундаменталдык билимдерге, өзүнүн адистигиндеги билгичтиктерге жана ишмердүүлүк билгичтиктерине, жаңы кырдаалдарды чечүүгө зарыл болгон чыгармачылык жана изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүнө, социалдык баалоо ишмердүүлүк тажырыйбасына ээ болушу керек. Билим берүүнүн акыркы эки түзүүчүсү так гана студенттердин өз алдынча иш процессинде калыптанат. Студенттердин өз алдынча иши аудиториялык иш менен бирге эле окуу процессинин бир формасы катары каралат. Анын ишке ашырылышын окутуучу пландаштыруусу жана көзөмөлдөөсү зарыл.

Студенттердин өз алдынча иши дисциплинаны өздөштүрүүгө гана арналбастан, жоопкерчиликти өзүнө алуусу, өз алдынча көйгөйдү чече алуу, конструктивдүү чечимди кабыл алуу, кризистик кырдаалдан чыгып кете алуу ж.б. жөндөмдүүлүктөргө да ээ кылат. Жаңы билим берүү парадигмасына ылайык бардык кесипкөй фундаменталдык билимдерге, өзүнүн профилине жараша билимдерге жана билгичтиктерге ээ болуусу, жаңы көйгөйлөрдү чыгармачыл жана изилдөөчүлүк ишмердүүлүк менен чече алуусу, социалдык-баалоо ишмердүүлүгүнө ээ болуусу керек. Билим берүүнүн акыркы эки түзүүчүсү студенттердин өз алдынча иш процессинде калыптанат. Өз алдынча иш бардык окуу жумуштарынын маселелерин жыйынтыктайт. Анын формалары ар түрдүү үй тапшырмаларынын ар кандай типтери болот. Өз алдынча иштин негизин билимдердин комплекси болгон илимий-теориялык курс түзөт. Тапшырмаларды бөлүштүргөндө студенттерге аларды аткаруу боюнча инструкциялар, методикалык көрсөтмөлөр, керектелүүчү адабияттардын тизмеси берилет. Өз алдынча иш төмөнкүлөргө түрткү берет:

  • билимдеринин терендешине жана кеңейишине;
  • таанып билүү ишмердүүлүгүнө кызыгууну калыптандырууга;
  • таанып билүү процессинин үйрөнүүдө таанып билүү жөндөмдүүлүктөрүнүн өнүгүшүнө.

Дал ошол үчүн адистерди даярдоонун эффективдүүлүгүн жогорулатуунун башкы резерви катары өз алдынча ишти алабыз [2].

Aзыркы коомдун адистерди даярдоого коюлган жаңы талаптары баарынан мурда башталгыч класстардын мугалимдерине да тиешелүү деп эсептейбиз. Болочок башталгыч класстын мугалими мектептин фундаментин түзгөн башталгыч класстарда сабак берет, келечектеги адистерге баштапкы билимди берет. Анын ичинен башталгыч класстарда математика сабагы баланын логикалык ой жүгүртүүсүн, саноо билгичтиктерин, ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн калыптандырат. Келечектеги башталгыч класстын мугалими жетиштүү түрдөгү математикалык даярдыгы жок азыркы коомдун талабына жооп бере албайт деп санайбыз. Ошондуктан математиканы окутууда профессионалдык маанилүү билим, билгичтик жана көндүмдөрдү өнүктүрө турган багыттарын кароо зарыл [1].

Окутуунун сапатын жогорулатуу жана жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн иштер контролдоонун жакшы коюлган системасына жараша болот. Ал биринчиден, окутуунун сапаттуу болушуна экинчиден студенттердин иштеринин өз алдынчалуулугуна багытталууга тийиш.

Өз алдынча иштерди уюштуруу баарынын мурда анын темалар боюнча рационалдуу пландаштырылышы жана өздөштүрүү убактысын талап кылат. Мындагы эң башкы максат студенттердин бардык учурда алган билимдерин өркүндөтүп баруу, улам жаңы билимге ээ болуу аракеттерин ойготуу болуп саналат жана башка. Студенттердин ой жүгүртүүсүнүн жогорку маданиятын калыптындыруу жана илимий-техникалык коомдук саясий жаңы информацияга маани берип, аларды өз бет алдынча жүргүзүп кетүүгө үйрөтүү орчундуу милдет болууга тийиш. Студенттердин өз алдынча иштеринин уюштурулушу контролдоонун ар кыл формаларынын пайда болушуна алып келет. Өз алдынча жумуштардын профессиялык–педагогикалык багыты бар. Студенттердин билим алуу процессинде өз алдынчалуулугу болсо, анын ишмердүүлүгүнүн мүнөздөөчүсү активдүүлүктүн жогорку формасы болот. Өз алдынчалуулуктун белгилери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

а) окутуучунун же башка бирөөнүн кийлигишүүсүз өз алдынча ой жүгүртүүгө аракет жасоо жана ал багытта тиешелүү ыкмаларга ээ болуу:
б) сунуш кылынган жаңы түшүнүктөрдү үйрөнүп гана жөн болбостон, аларды ачуунун жолдорун өздөштүрүүгө аракет кылуу:
в) башка ой жүгүртүүлөргө сын көз менен карай билүү:
г) жаңы маселелерди чыгаруунун өзунө таандык жолун таба билүү:

Активдүүлүк менен өз алдынчалуулук бири-бири менен тыгыз байланышта. Математиканы үйрөнүүдө студенттердин активдүүлүгү жана өз алдынчалуулугу аларга терең жана бекем билимге ээ болууга мүмкүнчүлүк берет. Студенттердин өз алдынча иш аракети окутуучу мугалимдер ошол ишти максатка ылайыктуу, пландуу уюштура билген жана кылдат жетекчиликке алган учурда эффективдүү болот. Өз алдынча иштөө окуп үйрөнүү процессинде иш аракетти жакшыртуунун каражаты катары кызмат кылат жана төмөнкү функцияларды аткарат:

  • теориялык билимдерди аң-сезимдүү үйрөнүүгө, тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө көмөктөшөт:
  • үйрөнүп билгендерди жетилтет жана өз алдынча чыгармачылык менен жаңыча үйрөнүүнүн ыкмалары иштелеп чыгат:
  • студенттер конкреттүү билимдерди илимий жактан үйрөнүүнүн методдорун түшүнүшөт, чыгармачылык менен айкалыштыра билишет.

Студенттердин өз алдынча иш аракетин шарттуу түрдө эки бөлүккө бөлүүгө болот:

  1. Лекциялардын убагында практикалык лабораториялык сабактар да өтөт.
  2. Студенттер өздөрү да өз алдынча иштөө убактысында (аудиториядан тышкары убактарда), өтөт.

Өз алдынча иштөө өкуп-үйрөнүү процессинде билимдерди активдүү өздөштүрүп жана түшүнгөн лекциядан, окуу куралынан даяр түрдө алган информацияны тереңдетип жана кеңейтип олтуруп жаңысын түзүп, жана аны практикада колдоно билген профессионалдуу ыкмаларга жана көнүгүүлөргө ээ болуу иш аракетин билдирет. Студенттердин өз алдынча ишинин формаларын жана методдорун башкаруу, окутуу процессин уюштуруу формалары менен байланыштуу жана лекция өз алдынча иштөө практикалык сабактардын семинары бирдиктүү системаны түзөт. Биздин окуу жайда студенттердин алган билимин ай сайын учурдагы текшерүү жүргүзүү менен байкоого болору жакшы натыйжаларды берүүдө [4].

Окутуучу материалды канчалык жакшы түшүндүрбөсүн, көргөзмөлүүлүктөн, техникалык каражаттардан ар түрдүү алдыңкы окутуунун ыкмаларын пайдаланса деле, студент өтүлүп жаткан материалды ойлонуп, талдап байкап көрбөсө, анда анын билиминин терең жана бекем болушу жөнүндө айтуу мүмкүн эмес. Өз алдынча кайталап, өздөштүрүлгөн билим студент качан болбосун жана кимге болбосун айтып бере алгандыгы менен баалуу.

Студенттердин активдүүлүгүн жана инициативаларын өнүктүрүүдө өз алдынча иштерди системалуу жана максаттуу уюштуруп өткөрүү эң жакшы каражаттардан болоорун психология илими далилдеп берүүдө. Окутуу процессинде студенттердин өз алдынча иши бул окутуучунун катышуусусуз, бирок анын тапшырмасы боюнча ал үчүн атайын бөлүнүп берилген убакытта аткарылуучу иш.

Материалдын өтүлүшү боюнча тапшырманы көбүрөөк бере баштоо дагы максатка ылайыктуу бирок, тапшырма студенттин алы жеткидей, түшүнүктүү жана кызыктуу болушу керек. Студенттер аны аткарууда чыгырмачылык менен мамиле жасагандай болгон жакшы. Жогорку математика боюнча жекече тапшырманы тандоо менен предметтин колдонмо маанисин кеңири жана терең ачууга болот [4].

Конкреттүү мисалдардын негизинде алынган жекече өз алдынча тапшырманын ушул түрү теориялык материалдарды толук түшүнүүгө мүмкүндүк түзөт. Ал болсо сабакты өндүрүш менен жакындатат, математикага болгон кызыгуусун арттырат.

Болочок кесип ээси ошол эле учурда психолог дагы болууга тийиш. Ушундан улам, адамдын психологиясын изилдөөдө математика илими кеңири колдонула тургандыгы талашсыз экенин билебиз. Педагогикалык-психологиялык изилдөөлөрдө анын негизги бөлүгү болгон эксперименттик фактыларды жыйынтыктоодо математикалык методдор, тактап айтканда, кокустук процесстер теориясы, математикалык статистика, андагы корреляциялык анализ кеңири колдонулуп келүүдө. Ошондуктан адистер кандай гана болбосун, математикалык билимдердин негизинде ыктымалдуулуктар теориясынын, математикалык статистиканын теориялык негиздери менен өзүнүн адистигине ылайык зарыл жана жетишерлик өлчөмдө тааныш болууга тийиш [4].

Студенттер математиканын программасын өздөштүрүүдө көптөгөн суроолор менен кайрылышат. Көпчүлүк суроо талаптар боюнча 1-курста өтүлүүчү математиканын бир тармагы болгон, аналитикалык геометрия сабагынын эрежелери жана формаларын колдонулуп чыгарылуучу кээ бир маселелерди чечүүнүн жолдорун көрсөтөлү. Математиканы үйрөнүүдө студенттердин активдүүлүгү жана өз алдынчалуулугу аларга терең жана бекем билимге ээ болууга мүмкүнчулүк берет. Жалпы математика курсунун Ыктымалыктар теориясынын жана математикалык статистика бөлүмү боюнча өз алдынча аткарылуучу лаборатордук иштердин пайдалануу менен төмөндөгү маселелерди чечүүсүн сунуштайлы.

Маселе: 100 лотерея билеттери 1 ден 100 чейин номерленген. Кокусунан алынган билеттин номери 7 санына эселүү болуусунун ыктымалын тапкыла.
Маселени чыгаруу: Баардык мүмкүн болгон жыйынтыктардын саны 100гө барабар. А окуясына тура келүүчү сандар: 7; 14; 28; 35; 42; 49; 56; 63; 70; 77; 84; 91; 98; б.а., m =14

Маселе: Баштыктагы 20 шардын 5 көк, 4 кызыл жана калганы ак. Божомол 1 шарды сууруп алсак, анын өңдүү шар болушунун ыктымалын тапкыла.
Маселени чыгаруу: Суурулуп алынган шардын көк болушун А окуясы дейли, анда

Алынган шардын кызыл болушун В десек,

Ал эми, өңдүү (көк же кызыл) болушу А+В окуясы болот. А жана В биргелешпеген окуялар болушкандыктан, формуланын негизинде:

Маселе: Эки аткыч бутаны атышты. Эгерде биринчисинин бутага тийгизүү ыктымалы 0,8 жана экинчисиники 0,75 болсо, анда экөөнүн тең бутага тийгизүүсүнүн ыктымалдыгы канчага барабар?
Маселени чыгаруу: Биринчи аткычтын бутага тийгизкенин А окуясы, ал эми экинчисиникин В десек, анда P(A)=0,8? P(B)=0,75. Ал эми экөөнүн тең бутага тийгизиши А•В окуясы болот жана алар көз каранды эмес окуялар. Ошондуктан формула колдонобуз: P (A•B)=P(A)•P(B)=0,8 -0,75=0,6.
Маселе: Үч куралдан турган батарея бир убакта бутаны атканда, экөөнүн снярады бутагаг тийди. Эгерде, биринчи, экинчи жана үчүнчү куралдардын бутага тийгизүү ыктымалдыгы тийиштүү түрдө: p1=0,4, p2=0,3, p3=0,5. ,болушса, биринчи куралдын бутага тийгизе алышынын ыктымалдыгын тапкыла.
Маселени чыгаруу: Эки куралдын бутага тийгизгенин А окуясы дейли. Эки божомолдоону (гипотезаны) келтирели: H1- биринчи курал бутага тийгизди, Н2-биринчи курал бутага тигизбеди. Маселенин шарты боюнча P(H1)=0,4, болгондуктан P(H2)=1-0,4=0,6. Шартуу ыктымалдык P (A/H1) ны табалы, б.а. бутага эки снярад тийди, анын бирөө биринчи куралдыкы болорунун ыктымалдыгы, экинчи снярад же экинчи, же үчүнчү куралдыкы болот. Бул эки окуя биргелешпеген болгондуктан кошуунун теоремасын колдонсок:
P (A/H1)=p2 q3+p3 q2=0,3 0,5+0,5 0,7=0,5. Шартуу ыктымалдык P (A/H2) ны тапсак, б.а. эки снаряд бутага тийди, бирок биринчи куралдыкы бутага тийбеди. Тагыраак айтканда, экинчи жана үчүнчү куралдар тийгизгендин ыктымалдыгын табабыз. Бул эки окуялар көз каранды эмес окуялар, ошондуктан көбөйтүндүнүн теоремасы колдонулат:
P (A/H2)=P2P3=0,3 0,5=0,15. Ошентип, биринчи куралдыкы бутага тийгендигинин ыктымалдыгы, Бейестин формуласы боюнча төмөнкүгө барабар болот

Студенттин өз алдынча кайталап, өздөштүрүлгөн билим студент качан болбосун жана кимге болбосун айтып бере алгандыгы менен баалуу. Анын активдүүлүгүн жана инициативаларын өнүктүрүүдө өз алдынча иштерди системалуу жана максаттуу уюштуруп, өткөрүү эң жакшы каражаттардан болоорун психология илими далилдеп берүүдө. Окутуу процессинде студенттердин өз алдынча иши бул окутуучунун катышуусуз, бирок анын тапшырмасы боюнча ал үчүн атайын бөлүнүп берилген убакытта аткарылуучу иш [3].

Студенттердин өз алдынча ишинин эффективдүүлүгү анын окутуучу тарабынан уюштурулушу жана көзөмөлдөнүшүнөн көз каранды. Студенттердин өз алдынча ишинин максаты – методикалык жактан туура, минималдуу убакытты коротуу менен теориялык материалды өздөштүрүү үчүн жана окуу дисциплиналары боюнча аныкталган маселелердин классын чыгаруу билгичтиктерине ээ болот. Текшерүү формалары конкреттүү окуу дисциплинасынан, анын мазмунунан, аны окутуу сааттарынын көлөмүнөн, студенттердин өз алдынча иштеринин түрлөрүнөн, окутуучунун тажрыйбасынан ж.б. көз каранды болот.

Ошентип, жогорку профессионалдык билим берүүнүн мамлекеттик стандартын ишке ашырууда ЖОЖдордогу студенттердин өз алдынча ишинин ролу көтөрүлмөйүн профессионалдык маселелерди өз алдынча жана чыгармачыл чечүүгө даяр компетенттүү, жоопкерчиликтүү адистерди даярдоо мүмкүн эмес экендиги эске алынат.

Колдонулган адабияттар:

  1. Аверин А.Н. Выполнение самостоятельных работ как условие становления профессионала. Материалы международной научно-практической конференции: «Самостоятельная работа студентов: теоретические и прикладные аспекты». – Ижевск: Ижевский полиграфический комбинат, 2004.
  2. Сластенин В.А., Подымова Л.С. Педагогика: Инновационная дея¬тельность. - М.: ИЧП "Издательство Магистр", 1997. - С .103-111.
  3. Листенгартен В.С. Самостоятельная деятельность студентов: пособие для преподавателей. – Воронеж, 1996.
  4. Пидкасистый П.И. Самостоятельная деятельность учаңихся.-М.: Педагогика.- 1972
 
Main page Contacts Search Contacts Search