mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня461
mod_vvisit_counterНеделя705
mod_vvisit_counterМесяц13921
mod_vvisit_counterВсего913721

We have: 17 guests, 4 bots online
Ваш IP: 34.229.194.198
 , 
Сегодня: Фев 19, 2019
МАТЕМАТИКА САБАГЫНДАГЫ ТЕКШЕРҮҮ-БААЛОО PDF Печать E-mail
30.10.2015 08:45

Иманкасымова Т. К.,

УКГнын мугалими, уюштуруучу

27.10.15

Окутуу процессинде өтүлгөн теманы кайталоо, жаңы теманы өтүү жана бышыктоо өңдүү уюштуруу иштеринин ичинен өзгөчө орунда баалоо турганы баарыбызга жакшы маалым. Ал окуу процессинин ажырагыс бөлүгү катары мүнөздөлөт. Окуучулардын окуудагы жетишкендиктерин, кемчиликтерин ар дайым текшерип туруу, эсепке алуу жана өз учурунда баалап туруу билим алуунун, анын сапатын жогорулатуунун зарыл шарты болуп саналат. Баалоо учурунда окуучулардын окууга болгон жоопкерчилиги, берилген тапшырмалары өз учурунда аткарып турууга милдеттүүлүгү артат. Текшерүү учурунда аткарган иштер окуучулардын эске тутуусун жандандырат, ойлоо сезимин сөзгө айландыруу, оюн так айтып берүү жөндөмдүүлүгү өнүгөт, билимдери системалаштырылат. Баалоо менен мугалим өзүнүн ишинин жыйынтыгын көрөт. Ал эми кетирилген каталар болсо, оңдоонун жолун табууга аракет жасайт.

Бир жагынан алып караганда окуучулар дагы билимди, анын ичинен предметтик билимди баа үчүн алышары да жашыруун эмес. Ошондуктан окуучунун предметке болгон кызыгуусун суутуп албаш үчүн, тескерисинче алардын предметке болгон кызыгууларын арттыруу үчүн алардын алган билимдерин туура баалоо зарылчылыгы келип чыгат.

Мектептеги салтка айланган баалоо системасы көптөгөн жылдардан бери билим берүү системасында өкүм сүрүп келет. Мектептеги баалоо процессинин жүрүш мүнөзүн анализдей турган болсок, төмөнкүдөй жыйынтыкка кабылабыз: айрым окуучуларда, башынан эле жакшы баалар калыптанат экен, б. а. белгилүү бир индивид салыштырмалуу «эң жакшы» бааларды, башка бирөө «орто», ал эми көпчүлүк окуучулар «начар» бааларды топтошот. Натыйжада өзүнөн өзү «5ке», «4кө» жана «3кө» окуган балдардын группасы түзүлүп калат. Буга жараша мугалимдин ишмердүүлүгү да, тагыраак айтканда баалоо процесси да калыптанат.

Мугалимдин окуучуга берген билими, кайра ал билимди окуучу тарабынан кайтарып албаса, албетте, жемишсиз бойдон калат. Ошондуктан мугалим дайыма окуучуну сурап, текшерүү-баалоо ишмердүүлүгү менен алектенүүгө туура келет. Окуучунун билимин баалап, аны ар бир сабакта сурап туруу менен гана эффективдүү билим берүүгө жетишүүгө болот. Демек, текшерүү-баалоо ишмердүүлүгү жөнүндө сөз кылганыбызда, анын негизги эки түрүн бөлүп көрсөтүүгө болот:

  1. Мугалим тарабынан жүргүзүлүүсү тышкы текшерүү-баалоо ишмердүүлүгү.
  2. Окуучулардын өзүлөрү аркылуу жүргүзүлүүчү ички текшерүү-баалоо ишмердүүлүгү.

Бул эки түр бири бири менен өтө тыгыз байланышта болушат. Бардык текшерүү-баалоо ишмердүүлүгү өз алдынча текшерүү актыларынан жана баалоодон турат. Ар бир актыда текшерилүүчү объект, баалар жана объект менен салыштырууга негизделген эталон болот. Текшерүү объектиси жана баалар болуп – окуучу тарабынан кандайдыр бир аракеттердин аткарылышы, алардын билим деңгээлдери, жөндөмдүүлүктөрү, билгичтиктери, кандайдыр бир өзгөчө сапаттары эсептелет. Ал эми эталон болуп – конкреттүү аныкталып, мурда такталып жазылып коюлган (китептерде, колдонмолордо) аныктамалар, эрежелер, эсеп чыгаруунун алгоритми саналат. Мына ушундай эталондорго салыштырып, мугалим окуучунун жооп бергенин, мисал иштөөдөгү аракеттерин баалайт.

Өз алдынча алып караганда текшерүү дегенибиз кандайдыр бир объектти же эталонду салыштыруу, бирдейликти же айырмачылыкты түзүү процессин элестетет. Текшерүүдөн келип чыккан жыйынтыктан улам кошумча тиешелүү критерийлердин жардамы менен баалоо процесси келип чыгат.

Окутуу процессинде кездешүүчү текшерүү-баалоо актысынын түрлөрү жана алардын функцияларына токтоло кетели. Мугалимдин жеке кызыкчылыгына, максатына жараша бул актылар төмөндөгүдөй түрлөрдө кездешиши мүмкүн:

  1. Констатациялоочу. Мунун жардамы менен мугалим окуучунун кандайдыр бир тапшырманы так аткарып жаткандыгы туурасында факты түзө алат. Констатациялоо учурунда текшерүү-баалоо проццесси бинардык баа формасында көрсөтүлүп калат. Окуучулардын берген жоопторуна жараша «ооба-жок», «туура-туура эмес», «+» же «–» түрүндөгү баалар коюлат.
  2. Текшерүүчү. Мунун жардамы менен мугалим окуучулардын билимдеринин, билгичтиктеринин, көндүмдөрүнүн кандай деңгээлде өнүккөндүгүнө баалоо жүргүзө алат. Бул учурда тышкы текшерүү-баалоо актысы төмөнкүдөй үч процесстен турат: текшерүүчү, баалоочу, корректирлөөчү.

Өзүмдүн жеке практикамда ортоңку жана жогорку класстын окуучуларына сабак берем. Алардын алган билимдерин текшерүүдө жана баалоодо түрдүү ыкмаларды колдонууга аракет жасайм. Окуучулардын билимин баалоо алгач алардын үй тапшырмаларын текшерүү менен башталат. Мен текшерүүнү түрдүү формаларда жасайм. Мисалы, биринчиси, үлгү менен өз алдынча өзүн текшерүү. Кимдин үй тапшырмасы катасы жок аткарылган болсо, ал жекече тапшырмасын алат. Экинчиден, үлгү менен бири бирин текшерүү. Көп учурда мындай текшерүүнү класстагы консультанттар аткарышат. Себеби, алардын дептерлери алдын ала мугалим тарабынан текшерилип коюлат. Натыйжада алардын дептерлери үлгү катары кызмат кылып калат.

Мен көп учурда математикалык диктант формасындагы кыска убакыттагы текшерүү ишин жүргүзөм. Окуучулар берилген баракка жооп торун жазып мага беришет, а мен бул учурда досканын арткы бетинде жазылган туура жоопторун өзүн жана бири бирин текшерүү үчүн көрсөтөм. Мисалы, 6-класста окулуучу «Оң жана терс сандарды салыштыруу» темасындагы математикалык диктант төмөнкүдөй өңүттө болушу мүмкүн:

  1. Төмөнкү сандарды дептерлериңерге көчүрүп жазып, терс сандарды бир, оң сандарды эки сызык менен сызып чыккыла: - 8; 0; 3; - 4,5; 7,8; - 2; 46; - 1,6.
  2. Берилген сандардын карама-каршы санын жазгыла: а) 7; б) 3; в) – 3,5.
  3. Эгерде а) х=-4,5 болсо, х эмнеге барабар болот, б) у=2,3 болсо, у эмнеге барабар болот.
  4. Төмөнкү сандардын модулдары эмнеге барабар: а) – 3; б) 5.
  5. Сандарды салыштыргыла: а) 2 жана – 300; б) – 7 жана – 9 .

Албетте, суроолорго жараша жооптору кетет:

1)– 8; 0; 3; - 4,5; 7,8; - 2; 46; - 1,6
2)а) – 7; б) 0; в) 3,5
3)а) – х = 4,5; б) y = - 2,3
4)а) I- 3I = 3; б) I5I = 5
5)а) 2 › - 300; б) – 7 › - 9

Окуучулардын берген жооптору мугалим тарабынан, туура жоопторго «+», туура эмес жоопторго «–», ал эми арсар жоопторго «±» белгиси коюлат. Эки арсар жооп бир туура эмес жоопко барабар деп кабыл алыш керек. Акырында окуучуларды баалоо мугалим өзү түзүп алган критерий менен салыштырмалуу жүргүзүлөт.

Баалоо жана текшерүү максатка багытталган, объективдүү, ар тараптуу, үлгүлтүсүз, индивидуалдык (жекече) болууга тийиш. Эми бул принциптерге кененирээк толктолуп көрөлү.

а) Максатка багыттуулук ар бир баалоонун максатын аныктоого жардам берет. Максат коюп алуу – баалоодо кандай гана ыкмаларды, формаларды, баалоо каражаттарын колдонбосун, иштин кийинки алгоритмин түзүп кетүүгө жардам берет.
б) Баалоо жана текшерүүнүн объективдүүлүгү. Бул өз учурунда мугалим тарабынан баалоодон ката кетип калбасына, субъективдүү жагдайлардын орун албашына негизделген. Текшерүүнүн же баалоонун объективдүүлүгү көптөгөн факторлордон көз каранды. Алардын ичинен төмөнкүлөр өзгөчөлөнүп билинип турат: билим берүүнүн конкреттүү жана жалпы максаттарынын берилиши, объекттерди тандоо жана текшерүүнүн курамынын негиздүүлүгү, баалоо-текшерүүнү жүргүзүү туура жана так уюштуруу. Мына ушундай суроолордун тегерегинде терең ойлонуп, туура чечим кабыл алуу окуучулардын билимдерин баалоодо жана текшерүүдө объективдүү жана сапаттуу болот.
в) Ар тараптуу текшерүү. Бул өз учурунда суралуучу материалдын көптүгүнөн кабар берет. Принциптин бул түрү өзүнө берилген материалдын негизги бөлүктөрүн өздөштүрүүнү кучагына алат. Мындай учурда окуучулардын билимин текшерүү үчүн тапшырмаларды түзүү дагы бир аз таталыраак болот. Натыйжада баалоо процесси жеңилирээк болот. Себеби, окуучу мугалимге көп материал туурасында айтып берүүгө туура келет.
г) Үзгүлтүксүздүк – окуу процесси менен айкалышкан систематикалык текшерүү дегенди түшүндүрөт.
д) Индивидуалдык – ар бир окуучунун билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн баалоону талап кылат.

Окуучулардын билимдерин жана билгичтиктерин текшерүү процесси баалоо жана белгилөө менен тыгыз байланышта. Алардын ортосунда төмөнкүдөй айырмачылык орун алат.

Баалоо – бул мугалимдер тарабынан аткарылуучу процесс, аракет (же ишмердүүлүк).

Белгилөө – бул баалоо процессинин жыйынтыгы, формалдуу көрсөткүчү катары кызмат кылат.

Окуучулардын билимин баалоонун ар кандай түрлөрү бар. Болгону окуучунун аракеттерин эмне менен салыштырып жаткандан көз каранды. Эгерде окуучунун учурдагы аракеттерин, ошол эле окуучунун мурдакы аналогдук аракеттери менен салыштырып бааласак, анда биз баалоонун инсандык түрүнө кабылган болобуз. Ал эми, эгерде окуучунун аракеттери мурда аныкталып коюлган үлгү менен бааланса, анда биз нормативдик ыкмаларды колдонуп жаткан болобуз. Салыштырып баалоо ыкмасы – кайсы бир окуучунун аракеттерин башка бир окуучунун аракеттери менен салыштыруу учурунда пайдаланылат.

Баалоо жана белгилөө текшерүү учурунда көрсөткөн окуучунун билими жана билгичиги аркылуу аныкталат. Мугалим окуучулардын билимин баалоодо, алардын аракеттерине сын пикирди текшерүү учурунда окуучулар тарабынан кетирилген кемчиликтер аркылуу жүргүзөт. Окуучулар кетирген кемчиликтерди эки түргө бөлүп кароого болот. Алар, ката (ошибка) жана жетишпегендик (недочет). Адатта мектеп программасында каталар менен иштөө деген өз алдынча саат катары да берилет.

Ката – окуучу математика предмети боюнча берилген билимдерди жана билгичтиктерди жакшы өздөштүрбөгөн учурда пайда болот.

Жетишпегендик – окуучунун математика боюнча берилген билимдерди жана билгичтиктерди толук, так өздөштүрбөй калган учурларда окуучулар арасында кездешет. Же айрым учурларда, өзгөчө математика предмети мезгилинде, окууулар маселенин чыгарылышын жазуудагы тыкансыздыгынан да келип чыгат.

Бирок, бир жагынан алып караганда окуучулардын кетирген кемчиликтери каталар жана жетишпегендик деп шарттуу түрдө гана бөлүнүп коюлган. Себеби, айрым учурларда ката менен жетишпегендиктин ортосундагы чек окуучунун билимдерине жана билгиктиктерине карата объективдүү эмес баа коюлуп калган учурлардан улам болуп калышы ыктымал.

Адабияттар

  1. Амонашвили Ш. А. Обучение. Оценка. Отметки. – М: Знание, 1980.
  2. Груденов Я. И. Совершенствование методики работы учителя математики – М: Просвещение, 1990.
  3. Качество знаний учащихся и пути его совершенствования / Под ред. Скаткина М.Н., Краевского М.Н. – М: Педагогика, 1978.
  4. Петровский Е. И. Проверка и оценка знаний учащихся – М: АПН РСФСР, 1960.
  5. Скобелев Г. Н.Контроль на уроках математики – Минск: Народная асвета, 1986.
 
Main page Contacts Search Contacts Search