mod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_countermod_vvisit_counter
mod_vvisit_counterСегодня473
mod_vvisit_counterНеделя705
mod_vvisit_counterМесяц13933
mod_vvisit_counterВсего913733

We have: 19 guests online
Ваш IP: 34.229.194.198
 , 
Сегодня: Фев 19, 2019
Аспирантура бөлүмүнүн жыл жыйынтыгы боюнча маалыматы PDF Печать E-mail
11.05.2015 08:04

2013-жылдын 29-ноябрындагы Окумуштуулар кеңешинде көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу максатында Кыргыз билим берүү академиясынын Аспирантура бөлүмү тарабынан академиянын Уставына жана «Кыргыз Республикасынын аспирантура жөнүндөгү жобосуна» ылайык төмөндөгүдөй иштер аткарылды.

  • Кыргыз билим берүү акдемиясынын аспирантура боюнча жобосуна аспирантуранын күндүзгү бөлүмүнө кабыл алынуучулардын жаш курагына (35 жашка чейин) карата чектөөлөр киргизилди.
  • Жободо талапкерлердин минималдык (2 жыл) эмгек стажы так көрсөтүлдү.
  • Аспиранттардын жекече пландары эрежеге ылайык толтурулуп, аттестациялоо, курстан курска көчүрүү процедуралары жекече пландарда чагылдырылып, илимий жетекчилердин, лаборатория жана кафедра башчыларынын тастыктаган колдору коюлуп, жекече пландардын бир нускасы аспирантура бөлүмүндө сакталууда.
  • Лабораторияларда, кафедраларда аспиранттарды курстан курска көчүрүү боюнча аттестациялоо, отчетторду алуу системалуу жолго коюлуп, отчет алуу иши протоколдоштурулуп, токтом чыгарылып, аспиранттарга, изденүүчүлөргө катуу талап коюу менен аспиранттар бекитилген лабораториялардын кеңешмесинин чечиминин негизинде курстан курска көчүрүлдү.
  • Ар бир аспирант үчүн лабораторияларда, кафедраларда келип-кетүү иштөө графиги түзүлдү.

Быйыл 2013-2014-окуу жылы үчүн Кыргыз билим берүү академиясынын күндүзгү окуу бөлүмүнө 5 бюджеттик орун берилген, кабыл алуу комиссиялары түзүлүп, 2013-жылдын 5-декабрынан 17-декабрына чейин кирүү экзамендери уюштурулуп өткөрүлдү, 6 адам документ тапшыргандыгына байланыштуу конкурс болуп жана конкурстук комиссиянын чечими менен 5 аспирантты кабыл алдык, 1 аспирант стажы жетпей комиссиядан өтпөй калды.

  • Азыркы учурда аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн жекече иш пландарына ылайык биринчи курстардын аспиранттарынын план-проспектилери түзүлүүдө, илимий темалары лабораторияларда, андан кийин окумуштуулар кеúешинде бекитүүгө даярдалууда.

Ошону менен бирге күндүзгү бөлүмдүн төмөндөгү аспиранттары аткарган иштери боюнча отчет бербей жана тиешелүү лабораториялар менен байланышын үзгөндүгү үчүн аспирантурадан чыгарылышты:

1.Сандалбаева Венера Аскарбековна, 3-курс (Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясы);

2.Сейталиева Элида Насыпбековна, 3-курс (Социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы) жана сырттан окуу бөлүмүнүн аспиранты Сагынбаева Назира Орозалиевна 4-курс (Социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы). Ал эми Абдухамидова Сапаргүл, 3-курс (Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясы) турмуш шартына байланыштуу академ отпуск алды. Сейталиева Гүлайша Насыпбековна 2-курс өз каалоосу менен арыз жазып аспиранттурадан чыгып кетти.

Азыркы күндө аспиранттар жөнүндө маалымат төмөндөгүдөй.

Таблица 1.

Аспиранттардын аты, жөнү Лабораториянын аты Окуу формасы Курсу Саны
1. Джунушева Клара Шаршеналиевна Мамлекеттик, расмий чет тилдер лабораториясы Күндүзгү 1 1
2. Кулболдиева Кипариса Мусабековна Мамлекеттик, расмий чет тилдер лабораториясы Күндүзгү 1 1
3. Турдалиев Уланбек Маткаримович Мамлекеттик, расмий чет тилдер лабораториясы Күндүзгү 1 1
4. Самсалиев Адилет Темиралиевич Мамлекеттик, расмий чет тилдер лабораториясы Күндүзгү 1 1
5. Кожомбердиева Айгүл Кабылбековна Мамлекеттик, расмий чет тилдер лабораториясы Күндүзгү 2 1
6. Ажыкулова Наргиза Байышовна Табигый-математикалык предметтер лабораториясы Күндүзгү 1 1
7. Иманкасымова Таалайкүл Керимкуловна Табигый-математикалык предметтер лабораториясы Күндүзгү 2 1
8. Сатыбалдыев Кочкорбай Сапарбаевич Табигый-математикалык предметтер лабораториясы Күндүзгү (2013-жыл бүтүрүүчү) 3 1
9. Токомбаева Перизат Эмилбековна Табигый-математикалык предметтер жана маалыматтык информациялык технологиялар кафедрасы Күндүзгү 3 1
10. Сыдыкова Махабат Бейшенбековна Технология жана искусство лабораториясы Күндүзгү 3 1
11. Жумаева Чолпон Зарылбековна Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясы Күндүзгү (2013-жыл бүтүрүүчү) 3 1
Баардыгы: 11

Диссертациялык темалары бекитилбегендиги, илимий иштери талаптагыдай жүргүзө албагандыктары, тиешелүү лабораториялар менен байланышын үзгөндүктөрү үчүн төмөндөгүлөр изденүүчүлөр изденүүчүлүктөн (соискатель)чыгарылды:

  1. Алымкулова Асыл Олжобаевна (Табигый-математикалык предметтер лабораториясы);
  2. Аттокурова Чынар Амановна (Табигый-математикалык предметтер лабораториясы);
  3. Аванесова Елена Владиславовна (Табигый-математикалык предметтер лабораториясы 2011-жылдын 7-декабрынан бери);
  4. Бектенова Дамира Биялиновна Табигый-математикалык предметтер лабораториясы, 2012-жылдын 15-мартынан бери);
  5. Абылкасымова Тамара Нурмамытовна (Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясы, 2013-жылдын 27-мартынан бери);
  6. Алгожоева Жыпар (Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер лабораториясы, 1996-жылдан бери).

2 жыл изденүүчүлүк мөөнөттөрүнүн бүткөндүгүнө байланыштуу төмөндөгүлөр изденүүчүлүктөн чыгарылды:

  1. Атакеева Гулайым (Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясы, 2010-жылдын 3-майынан 2012- жылдын 3-майына чейин);
  2. Бейшеналиев Алмазбек (Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясы, 2010-жылдын 2-июнунан 2012- жылдын 2-июнуна чейин,);
  3. Балега Марина Михайловна(Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясы, 2010-жылдын 30-ноябрынан 2012- жылдын 30-ноябрына чейин);
  4. Жумагулова Айнура (Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясы 2009-жылдын 11-ноябрынан 2011-жылдын 11-ноябрына чейин);
  5. Румм Виктор Андреевич (Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясы, 2010-жылдын 30-ноябрынан 2012-жылдын 30-ноябрына чейин);
  6. Базарбаева Чолпон Мелисовна ( Табигый-математикалык предметтер лабораториясы,2009-жылдын 1-декабрынан 2009-жылдын1-декабрына чейин,);
  7. Пернеев Мукаш Нуруллаевич (Табигый-математикалык предметтер лабораториясы, 2009-жылдын 11-ноябрынан 2011-жылдын 11-ноябрына чейин);
  8. Сайназаров Кеңешбек Балтабаевич (Менеджмент,технология жана искусство кафедрасы, 2009-жылдын 17-декабрынан 2011-жылдын 17-декабрына чейин);
  9. Баран Месут (Социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы 2010-жылдын 5-июлунан 2012-жылдын 5-июлуна чейин);
  10. Курманалиев Кубатбек Аманович ( Социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы,2010-жылдын 30-ноябрынан 2012-жылдын 30-ноябрына чейин);
  11. Козубаева Бурул Увайдуллаевна (Социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы, 2011-жылдын 7-декабрынан 2013-жылдын 7-декабрына чейин).

Бүгүнкү күндө Кыргыз билим берүү академиясында 7 изденүүчү бар. Алар төмөндөгүлөр:

Таблица 2.

Изденүүчүлөр 2012 ж. Илимий жетекчилери Лаборатория
1. Мыкыева Мира Расабековна Мамытов А.М., п.и.д., профессор Мониторинг жана баалоо лабораториясы
2. Байматов Нуркалый Сияев Т.М., п.и.д., профессор Табигый-математикалык предметтер лабораториясы
3. Качиева Апал Мамбетакунов Э.М., п.и.д., профессор Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясы
4. Фатнева Анна Георгиевна Асипова Н.А., п.и.д., профессор Педагогика жана кесиптик билим берүү лабораториясы
5. Кулуева Фарида Мамбетакунов У.Э., п.и.д., доцент Технология жана искусство лабораториясы
2013 ж.
1. Азимова Матлюба Латыповна Иманкулов М.К., к.п.н.,доцент Социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы
2014 ж.
1. Асранкулова Бактыгүл Алаевна Рысбаев С.К.., п.и.д., профессор Мамлекеттик, расмий чет тилдер лабораториясы

Мындан сырткары 2014-жылдын январь айында предметтик кандидаттык минимумдарды алуу үчүн экзамендик комиссиялар түзүлүп, изденүүчүлөрдүн тизмелери Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясына жиберилип, уруксат алынды. Ага ылайык 2014-жылдын 5-февралынан 7-февралына чейин предметтик кандидаттык минимумдарды тапшыруу экзамендери пландаштырылып өткөрүлдү. Предметтик кандидаттык минимумдарды кабыл алган экзамендик комиссияларга, изденүүчүлөрдүн илимий жетекчилерине эмгек акы төлөө боюнча буйруктар чыгарылды.

Аспирантура бөлүмүнүн абалы боюнча маалыматтарды берүү менен бирге аспирантурада окуу ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатуу максатында төмөндөгүдөй сунуштарды айтаар элек:

- аспиранттар, изденүүчүлөр бекитилген лаборатория жана кафедра башчылары аспиранттардын, изденүүчүлөрдүн жекече планын өз убагында бекитип, ал боюнча отчетторун өз учурунда алып, ар бир аспиранттын конкреттүү аткарган иштерин тактап турса;
- лабораториялар, кафедралар, аспирантттар, изденүүчүлөр, жана алардын илимий жетекчилери менен тыгыз байланышта болуп, тыгыз иш алып барышса;
- аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн жүргүзгөн илимий иши боюнча жарым жылдык, жылдык отчеттору алынып, лабораториянын отурумунун чечими аспирантура бөлүмүнө берилип турса;
- бүтүрүүчү аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн отчеттору, лабораторияларда, кафедраларда, жаш окумуштуулар кеңешинде да угулуп талкууланса;
- бүтүрүүчү аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн отчеттору, алардын илимий жетекчилеринин катышуусунда, же алардын жазуу түрүндөгү корутундусу менен Окумуштуулар кеңешинде каралса.

 

Уюштуруу бөлүмүнүн
башкы адиси                                                          Б.Т.Бейшенбаева
 
Main page Contacts Search Contacts Search